Унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. 
Кырсыктуу окуя 2012-жылдын 29-декабрында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болуп өткөн жана жол кырсыгынан жабыркаган Сайлык айылынын тургуну Ж.Жетигенов ошол жерден эле каза тапкан. Иликтөө иштеринде жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу Ысык-Көл облусунун 47 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болгон. ИИМ билдиргендей, күнөөлүү айдоочу аталган облустан колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shuma94
2013-04-28 01:21:08
сузуп кеткен айдоочу качып кеткендин ордуна аны ооруканага жеткирбейби балким жаны аман калаттыр. Жетигеновтун уй булосу жана туугандарына терен кайгыруу менен конул айтабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан