Түркиядагы түнкү клубда 39 адамды өлтүргөнгө шектелген Абдулгадир Машариповго теракт үчүн 3 аял белекке берилген

Түркиядагы түнкү клубга кол салып, 39 адамды өлтүргөнгө шектелип кармалган өзбек улутундагы Абдулгадир Машарипов сурак учурунда теракттын орду кокустан тандалганын айткан. Бул тууралуу "Hurriyet" гезити жазып чыкты.

Сурак учурунда ал көрсөтмөлөрдү Сириядагы Ракка шаарындагы "Ислам мамлекети" тобунан алганын кошумчалаган.

"Мен Таксим аянтынан келдим, бирок коопсуздук чаралары жогору болгондуктан, ал жактан кол салуу мүмкүн эмес эле. Мага башка жерди издөө буюртмасы берилди. "Reina" клубу күзөтчүсү жок болгону менен мага ылайыктуу көрүндү, ал жак күчөтүлүп кайтарылган эмес", - деген Машарипов.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин Машарипов 2016-жылдын январь айында мыйзамсыз жол менен келгенин айтат. Анын айтымында, кылмышка шектүү Ооганстан жана Пакистанда даярдыктан өткөн жана "Ислам мамлекети" менен байланышы бар.

Ошондой эле Машарипов жасалган теракт үчүн ага "Ислам мамлекети" 3 аял белек кылганын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, окуя Жаңы жыл майрамында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Alixan-Nookat.2015
2017-01-19 13:21:19
Кылмышкерди ушинтип ачыкка чыгарып атын толук жазып элге коргозуш керек, ал эми бизде козун бекитип Т.И аттуу жаран дейт болду башка маалымат жок
+44
erlist
2017-01-19 13:57:23
Асынып эле олсо болмок ушу [moderated] ошончо кишини олтургондон кийин...дагы олтурбогуло деп суйлобой ушундайларды кантип жер которуп журот...ХХХ
+9
admin_portal
2017-01-19 14:14:14
erlist, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
-4
barakcha
2017-01-19 14:31:27
Бул неме эми ит корбогон кордукту корот го?
+11
rukopashnik
2017-01-19 14:43:25
3 аял белеке берилгенин толук жазбапсыңар го
+10
Asya_92
2017-01-19 14:46:14
39 адамдын руху тынч койбойтго бул Адам кейпиндеги иблисти Шейит кеткендердин жаткан жери жайлуу болсун !!!
-7
Arsenal2
2017-01-19 14:59:50
Asya_92,клубдагы эс алып аткандар шейит болбойт
+14
Drongo
2017-01-23 08:18:59
Arsenal2(,клубдагы эс алып аткандар шейит болбойт) деп айткыдай,бейиш менен тозоктун ачкычы сендеби?Негизи адам оз ажалынан эмес,киши колдуу болуп олсо шейит болду деп айтышчу,илгертеден эле.Олгондорду айыптап соттогудай сен кимсин?
0
Zinazima
2017-01-19 14:46:22
Белеке аял дейби Аллахым кайсы замандын кишиси бул мага велик век киносун эле эстетипатат тооба
0
arzygulR
2017-01-19 15:22:46
Тооба эгер чын эле айыптуу болсо жазасын алсын мен кээ бир бей куноо моюнга алдырып отуруп калгандарга боорум оруйт
+8
GGggUUuuLLll
2017-01-19 17:01:10
Кудай урсун сени ХХХ!!!!
-2
admin_portal
2017-01-19 17:04:19
GGggUUuuLLll, этика нормаларын сактаңыз!
-3
kanyshai_2011
2017-01-19 17:30:47
ХХХ кудай берсин сегин жазанды...
+1
molniya77
2017-01-19 17:48:02
Колго түшкүчонду өлүп эле албабтырда эси энесин коруп атса керек
+2
magira
2017-01-19 21:14:34
Кудай сакта- денем титиреди.3 аял белекке алган дейби.ал 3 шордуу дагы сексуалдык кулчулуктун курмандыктары болсо керек..Азыр Туркияда кыздар коп сатылат кулчулукка.Кудайым ыйман бер баарыбызга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан