ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: 51 жыл мурун Индира Ганди Индиянын премьер-министри болуп шайланган

Мындан 51 жыл мурун, 1966-жылы 19-январда 48 жаштагы Индира Ганди Индиянын үчүнчү премьер-министри болуп шайланган. Бул кызматта 1977-жылдын 7-мартына чейин иштеп, 1980-жылдын 14-январынан 1984-жылдын 31-октябрына чейин кайрадан бул кызматты аркалаган.

И.Ганди Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун кызы болгон. Ал дүйнөдө экинчи, өз өлкөсүндө биринчи жогорку мамлекеттик бийликти ээлеген аял катары тарыхта калган. Индиянын Улуттук Конгресси партиясынын башчысы катары ал атасы жүргүзгөн саясатты улантууну көздөп, экономикалык маселелерде социалисттик концепцияга таянган.

Ага чейин И.Ганди 1955-жылы Индия Улуттук Конгрессинин башкармалыгына кирип, 1959-жылы аталган партиянын президенти болгон. 1964-жылдан 1966-жылга чейин мурдагы премьер-министр Лала Бахадур Шастринин өкмөтүнүн мүчөсү катары иштеген.

И.Ганди 1984-жылы өзүнүн жан сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн.

19-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан