Элчи Ибрагим Жунусов: "Түнкү клубда адам өлтүргөндөрдү "кыргыз" дегендер кыргыз элинен кечирим сурашы керек"

Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги "Reina" түнкү клубундагы террорчуну "Кыргыз жараны" деген жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан кыргыз элинен кечирим суроону талап кылат. Бул тууралуу элчи Ибрагим Жунусов "Түркия үнү" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Клубдагы адамдарды аткылаган Абдулгадир Машарипов жашаган үй Кыргыз жаранынын үйү делип жазылып кеткен. Чалгындоо кызматы менен биргеликте иш алып барып, кыргыз эмес экенин аныктадык. Анын сүрөтүнөн кыргыз эмес экенин көрсөм да, анда Кыргыз Республикасынын жасалма паспорту бар болушу мүмкүн деп чочуладым. Бирок бүгүнкү күндө Ирактын жараны болуп чыкты. Кыргыз жараны делгенде эле Чалгындоо кызматы эч кандай расмий маалымат бербегенин билдирип, маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары гана таратып жатканын айтышты. Мындай окуя биринчи эмес, экинчи жолу болуп жатат. Мен "бул Кыргыз өлкөсүнүн жараны" деп жазган ар бир басылмага кат жөнөтөм. Эгер алар кыргыз элинен ушул кетирген маалыматы үчүн кечирим сурашпаса, алар менен мыйзам чегинде сүйлөшөм", - деген элчи.

Ошондой эле Ибрагим Жунусов Кыргыз жараны Йахье Машрапов аны да теракт уюштурган адам катары көрсөтүп, паспортун жарыялаганы үчүн айрым ЖМКларды сотко бергенин айтып өттү. Ага элчилик жана консулдук көмөк көрсөтөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
momun74
2017-01-19 14:01:48
Турктор такталбаган маалыматы таркатып куноолосо брло берет экенда И Жунусов туура айтат кечирим сурашсын антпесе кыргыздарды жакында тебелеп тепсеп алышат жоошуп отурсак
+16
arzygulR
2017-01-19 15:19:55
Туура кылат эмне кыргыздарга боло берет бекен
+4
naz2015
2017-01-19 15:33:24
менин оюмча да кечирим сураш керек!
+4
ABDISHkg87
2017-01-19 15:40:56
Посол деген ушундай иштерди кылат! эли учун куйуш керек ошол учун посол,Ал Эми Москванын посолу ТИМ Эрлан Абдылдаев аман болбогула былтыйып кылган ишинердин дайыны жок!
+6
Manas230595
2017-01-19 22:42:09
Туура айтасынар бизди бара бара адам катары корбой келатышат атамбаев не кылып журот озу ушуга окшогон нерселерди байкабай
-1
oscar89
2017-01-20 09:29:30
Туура, керек болсо ошол ММКларды сотко бериш керек такталбаган маалымат жарыялашып, не болсоле кыргыздар дейт. Негизи бир нерсе барда ошон учун кайра кайрале кыргызстандык деп атышат. Мамлектеттик денгээлде бул маселени караш керек. Биздин мамлекеттин башында тургандар ун чыгарбаса ушундай шылдындар боло берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан