Тургун: "Авиакырсыкта балдарынан айрылган агама жардамдашкандар "мародёр" атка конушту"

16-январда Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган учак 38 адамдын өмүрүн алды. Каргашалуу таңда Нурлан Темирканов 3 баласын жоготту. Бул кырсыкты уккан анын иниси Руслан Темирканов жана кесиптеши Керезбек Акунов ошол учурда окуя болгон жерге барышкан. Алар үйдүн урандыларынын арасынан документтерди, каза болгондордун уюлдук телефондорун унаага алып бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалышып, "уурулук кылышкан" делип, "мародёр" атка конушкан. Бул тууралуу алар бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына билдиришти.

"Кырсыкка учураган агамдын үйүнө барып, документтерин, каза болгон балдарынын жеке буюмдарын чогултуп, чакага салып, Керезбек унаасына салганы кеткен. Ал бир маалда телефон чалып, милиция кызматкерлери кармап алышканын айтты. Барсам, милиция кызматкерлери жана журналисттер курчап калышыптыр. Баарын түшүндүргүчө мени да кармап, ызы-чуу түшүп жатып, акыры коё беришти. Интернетке тараган видеону көргөн тааныштарым мага байланышып, мен жөнүндө ар кандай жаман пикирлер айтылып жатканын билдиришүүдө. Менин бир тууган агамдын балдары каза болуп жатышса, мен кантип андайга барам?" - дейт Руслан Темирканов.

Ошондой эле Темиркановдун айтымында, чакадагы маркумдун iPhone үлгүсүндөгү смартфонду, тескерисинче, милиция кызматкери алып, кийин ал кызматкер алганын танып койгонун кошумчалады.

Ал эми ошол эле видеодо өзүн тааныштырган Керезбек Акунов учурда анын айынан көчөгө чыга албай калганын айтат: "Мен аэропортто иштейм. Нурлан Темирканов бригадирим болот. Ал видео телеберүүлөргө да, интернетке да чыгып кетиптир. Жакындарым, тааныштарым мени таш бараңга алабыз дегендер бар экенин айтышууда. Мунун айынан көчөгө чыга албай калдым. Жөн жерден караландым. Мына, азыр да көчөдө турсам, эл мени жактырбагансып карап өтүп жатат. Азыркы абалыма күнөөлүүлөрдүн менден кечирим сурашын каалайм жана бул маселе тууралуу тиешелүү органдарга кайрылам".

Бул окуядан кийин жогорудагы жарандар окуянын чоо-жайын айрым телеканалдарга айтып бергендери чыкпай жатканына нааразы болушууда. Алар тууралуу коомчулукта калыптанып калган ойлор төгүндөлөрүнөн үмүт кылышат.

"Учак кулаган жерден уурулук кылды" деп жатышат
"Ак жерден мародёр аталып кеттим"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Ayida
2017-01-19 16:50:48
Башка улут ушундай кылса милиция деген жок озубуздукун туура суйлоп атсада байкемдики деп абийирин ачат.Оздору жакшы жерде иштейт экен не кылмак эле ушул шым журот телефон сапырылган акча болсо экен ууру дегидей
+10
Ayida
2017-01-19 16:51:31
Билбеймин бирок бир Аллах билет
+3
zhykyo
2017-01-19 17:08:39
Жон эле кармай беришпейт шектуу корунсо кармап текшергенге укуктуу милициялар ошентип текшерип турушсун
-6
abusait
2017-01-19 17:12:51
Милиция деле морадер турбайбы анда. Булар жок жерден караланып калыптыр.
+11
aktivist0707
2017-01-19 23:03:11
abusait,Аллах озу кечирсин милициядан жакшылык кутпогуло
+4
Gulnur1980
2017-01-19 18:24:07
Ой садаган кетейиндееер ,мындай биринчи окусанар эмне деп жазылганын,видеону коруп алып ар нерсени жаза бербей! Орган адамдары олгону калган го,эээчччч бир тушунбогон ХХХ иштейби милицияда ыя?Неге тушунушпойт же тушунушту каалашпайт,эээх аттин...
+9
realliver
2017-01-19 18:36:25
"Байкеси эмес" деп тиги бир милиция ото эле уверенный суйлойт го. Кичине териштирели дебейби жон эле жаманатты кылбай. Айфонду кайра-кайра алып чыгат, ошол эле алды
+9
aydinnur
2017-01-19 19:23:15
ой ой кээ бир замандаштарым биринчи өйдөдөкү кабарды окуп анан комментарий берсеңер(((бул балдар күнөөлүү эмес..кабарчы Үмүт сага рахмат,сөзүңө турдуң
+8
Ananai
2017-01-19 23:03:20
Булардын куноосу жок экен. Тескерисинче жардам берем дешиптир иниси менен коллегасы экен го жакшылап окусанар. Оз агасынын балдары олуп кайгырып атса андай жаман ишке колу барбайт эч качан.
+4
aktivist0707
2017-01-19 23:05:10
милицияга кара жылан жолуксун ХХХ
+5
admin_portal
2017-01-20 12:29:55
aktivist0707, Gulnur1980, Beka.kaba, этика нормаларын сактаңыздар!
0
aydarken
2017-01-20 01:42:22
Билип билбей каралабагыла туугандар
0
emka96kg
2017-01-20 02:05:38
Анда ошол убакта документтерди корсотуп телефонду да корсотуп ичин текшертирип доказательства кылып бериш керек эле да видеог. Былжырап унчукпай мандраж болуп тура бербей. Туштон кийин эми
+1
Beka.kaba
2017-01-20 02:12:54
ХХХ окуп туруп анан комент жазгылачы бир тууган иниси болуп атат наборот менттер бербей койуптур айфонду
+1
iliya
2017-01-20 20:17:56
Саламатсызбы admin_portal жанакы каза болгондордун арасындагы,Кундуз Чомуева тууралу жазып койсонор сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан