Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Данияр Төлөнов ("Кыргызстан") 104 добуш менен парламенттин вице-спикери болуп шайланды. Жалпы катталган депутаттардын саны 107 болсо, Төлөновдун талапкерлигине 104 депутат "макул", 3 депутат "каршы" деп добуш берди.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-декабрында Нурбек Алимбеков ("Кыргызстан") Тайванга барганы үчүн Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кеткен. Кечээ, 18-январда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында вице-спикерликке Данияр Төлөновдун талапкерлиги жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан