Биз социалдык тармакта

Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 19-январда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган уюштуруу комитети президенттин “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн түзүлгөн. Уюштуруу комитетине 5-февралга чейин иш-чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылат.

Белгиленгендей, иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик орган жана уюмдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

Аталган уюштуруу комитетин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан