Бишкекте 9 жылдан бери өгөй кызын зордуктап жүргөн деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаардык БИИБи тарабынан 9 жылдан бери өгөй кызын зордуктап жүргөн деген шек менен 38 жаштагы жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 19 жаштагы айым милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, өгөй атасы 10 жашынан бери күч колдонуп зордуктап жүргөнү билдирген. Арызда белгиленгендей, кармалган жаран кызына эгер бул тууралуу бирөөгө айтса өлтүрүп коёрун айтып коркуткан. Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизага жиберилип, кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш кодексинин 130- (Күч колдонуу менен зордуктоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан