Бүгүн АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы өтөт

Бүгүн, 20-январда Вашингтондо АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы өтөт. Чет элдик ММКларга таянсак, Трамп Вашингтонго 19-январда жубайы менен келди. Ант берүү аземи Капитолий имаратында өтүп, ага учурдагы президент Барак Обама баштаган жогорку кызматтын өкүлдөрү катышат.

Ант берүү аземи көчөдө Трампты колдобогон жарандардын нааразычылык акциясы менен коштолору күтүлүүдө. Ант берүүдөн кийин Трамп жубайы менен Ак үйдөгү өзүнүн резиденциясына кетсе, Обама өз үйүнө кайтат. Бүгүн Ак үйдөн Обаманын буюмдары ташылып жатканы кабарланды.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп 2016-жылдын 8-ноябрында АКШнын 45-президенти болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан