Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Болсунбек Казаков Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.