Мамлекеттик чек ара кызматынын жана "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 20-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасынын текшерүүсүндө аталган аэропорттун көзөмөл-өткөрмө пунктунда тартип бузуулар аныкталган. Анда аталган мекемелердин кызматкерлери М.М. аттуу чет өлкөлүк жарандан 300 доллар талап кылып, чыгуу визасы жок эле Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберишкен. Алар Т.А. аттуу жарандын жашы жете элек баласын да анын уруксаты жок өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Натыйжада жаран баласы менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.