1980-жылдары "Ламбаданы" аткарып белгилүү болгон ырчы Лоалва Браз 64 жашында тирүүлөй өрттөнүп кеткенин кечээ, 19-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, бразилиялык өрт өчүрүүчүлөргө Рио-де-Жанейро штатында унаа күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Куткаруучулар унаадан денесинин бир нече жеринен күйүк алган ырчыны алып чыгышкан. Кырсыктан ошол жердеги турак үй да зыянга учураган. Ал эми кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Учурда укук коргоо кызматкерлери атайын өлтүрүү болгонун иликтеп жатышканы маалымдалууда.
Лоалва Браз франциялык "Kaoma" тобунун солисти болгон.