Бишкекте үй-жайсыз 84 адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үй-жайсыз адамдар 17-18-январда милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган “Селсаяк” аталышындагы рейддин алкагында кармалган. Алардын 78и эркек, ал эми 6сы аял киши. Биринде да өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Аты-жөндөрү такталган соң Бишкектеги үй-жайсыз адамдар баш калкалоочу жайларга бөлүштүрүлөт.