"Өнүгүү-Прогресс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин мэрди шайлоо боюнча протоколдорун жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырбоо тууралуу БШКнын чечими сотто каралмакчы.
"Бизде мэрди шайлоо регламент талап кылгандай, Бишкек шаар кеңешинин сессиясы убагында өтпөгөнү боюнча тиешелүү документтер жана видеоматериалдар бар. Ошондой эле биз добуш берүү бюллетендеринин 7синде ашыкча белгилердин болушун каттадык. Албек Ибраимовдун тарапташтары уюштурган митингди добуш берүүчүлөргө басым жасоо катары сыпатташ керек. Бул фактылардын баары Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонунан кабар берип турат. Биз ММКларга "Борбор калаанын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдары жана шаар кеңешинин регламенти бузулганы боюнча тиешелүү материалдарды жибергенбиз. Бирок, тилекке каршы, БШК буга көз жумуп, мэрди шайлоодо эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес деген негизсиз чечим чыгарды", - деп фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген. 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин шайлоонун протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча арызын карап, четке каккан.