Кыргыз-Кытай темир жолунун курулушу 5 миллиард долларга бааланууда

Кыргыз-Кытай темир жолунун курулушу 5 миллиард долларга бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, бул курулуш 8 жыл ичинде бүтмөкчү. "Темир жол Нарын жана Жалал-Абад облустары аркылуу өтөт. Жалпы узундугу 433 чакырым болору пландалууда. Темир жолдун курулушунун жүрүшүндө 28 тоннель салынат, эң узуну Казарманда курулат. Ошондой эле жалпысынан 87 көпүрө салынмакчы", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан