Мындан 5 жыл мурун, 2012-жылы 20-январда Нигериянын Кано шаарында бир нече террордук жардыруу жасалып, жыйынтыгында 215 адам курман болгон. Террорчулар шаардагы имараттарга бомба, гранаталарды ыргытышып, аткылашкан. Жалпысынан 20 бомба жарылган. Жан кечти-террорчулар аймактык полиция башкармалыгынын жанынан өздөрүнүн унаасын жардырып, курман болушкан.
Окуяга жоопкерчиликти "Боко Харам" радикалдык тобу алган. Аталган уюм динге туура келбеген салттарга, Батыштын баалуулуктарына каршы чыгып, Нигериянын түндүгүнө шарияттын мыйзамдарын киргизүүнү көздөгөн.
20-январга карата жылнаама.