Жайыл районунда жергиликтүү тургунга бычак сайган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөрдүн бири А.Ш. 25 жашта болсо, экинчиси М.Б. 29 жашта. Алар 15-январь күнү саат 18:30 чамасында Алексеевка айылындагы футболдук аянтчада Б.Д. аттуу жаранды сабап, жамбаш жагына бычак менен сайып кетишкен. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.