Бүгүн, 20-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз мамлекети аркылуу өтөт деп жаткан Кытай менен Европаны байланыштыра турган темир жолдун курулушу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында сөз болду. Фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев аталган долбоор тууралуу эл алдында көп кайрылып жүрөт. Фракциянын министрди чакырып жыйын өткөрүүсү темир жолдун тегерегинде жакынкы келечекте көп талаш-тартыштар орун аларын көрсөттү. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, “Ата Мекен” партиясы тээ 2000-жылы мындай темир жолдун курулушун приоритеттүү деп тааныган мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу өткөргөн. Ал эми темир жолдун долбоору 1998-жылдан бери сөз болуп келет, андан бери баш-аягы 18 жыл өттү. Фракциянын лидери Кытайдан башталган темир жолду Торугарт, Жалал-Абад аркылуу, андан ары Өзбекстанга өткөрө турган бир гана маршрутка басым жасоо керектигин айтты. Буга транспорт жана жолдор министри Жамшит Калилов ансыз да өкмөт ушул эле вариантты карап жатканын билдирди. Баса, Өзбекстан Кыргыз мамлекетинин позициясын колдоду. Торугарт-Жалал-Абаддын аралыгы 432 чакырымды түзөт. Бул вариант менен катар Торугарт-Кара-Суу маршруту каралган, анын аралыгы 271 чакырымды түзмөк, бирок ал тоолуу аймакты камтыгандыктан, курулушуна көбүрөөк каражат керектелет. Торугарт-Жалал-Абад маршруту колдоо тапса, келечекте Жалал-Абад соода борборуна айланып, өлкөнүн башкы шаарларынын бири болорун күтсө болот. Бирок... Фракциянын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев темир жол боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатканын, Кытай, Кыргыз жана Өзбекстан бийлиги жалпы макулдашылган чечимди кабыл ала электигин айтып чыкты. “Каржылоо жагына жооптуу болгон Кытай маршрутка жана темир жолдун кеңдиги боюнча макул эмес”, - деди Каныбек Иманалиев. Кытай Кыргыз жери аркылуу өтүүчү жолду тандабай, өз акчасына курууга даяр Казакстанды деле тандап кетиши ыктымал. Анда биздин мамлекет эмнени жоготот? Министрдин айтымында, жыл сайын темир жол менен 12 миллион тонна жүк ташууга болот. Анын транзити Кыргыз өлкөсүнө 500 миллион долларга чейин киреше алып келет. Ал эми Кытай-Кыргыз темир жолунун баасын министрлик 5 миллиард долларга, ар бир чакырымын 10 миллион долларга баалап жатат. Темир жол Түркмөнстан аркылуу өтсө, Перс булуңуна, эгерде Кашкар аркылуу өтсө, анда Индияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Темир жолду ким салып, акчасын ким төлөй турганы чечиле элек. Албетте, 5 миллиард доллар акча коротуп, өз алдынча салууга Кыргыз мамлекетинин мүмкүнчүлүгү жок. Кытай каржылай турган болсо, темир жол өткөн аймактардагы кендерди иштетүүгө алары тууралуу 2009-жылы өкмөт чечим кабыл алганы айтылып, ошондон бери бул сөзгө чекит коюлбай келе жатат. Атүгүл “Сандык жана Жетим-Тоо кендерин Кытайга бербейбиз” деп нааразычылык акциялары да өтүп келет.
Ушул жылдын башында орун алган президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга расмий сапарынын алдында транспорт жана жолдор министри визиттин жүрүшүндө темир жолдун курулушунун маршруту жана каржылоо булагы талкууга алынарын билдирген. Бирок сапардан кийин президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү темир жол боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат тараткан жок. Айтор, миллиондогон долларларды алып келүүсү мүмкүн болгон ушундай чоң долбоордон Кыргыз мамлекетинин четте калуу коркунучу бар. Өлкөнүн казынасына чоң пайда алып келе турган мындай долбоорду жүзөгө ашырууда оппозициясы дагы, бийлиги дагы бир пикирде, бир позицияны карманып, ишти саясатташтырбай улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюу менен иш алып баруусу зарыл...
16-январь күнү 38 адамдын, анын ичинде 17 баланын өмүрүн алган Боинг кырсыгы боюнча бүгүн жаңы маалыматтар чыкты. Орусиялык Life.ru порталы кырсыкты иликтөө боюнча Кыргыз өкмөтүндө түзүлгөн мамлекеттик комиссиядагы булагына таянып, “кара кутулардын” чечмеленүүсүнөн кийин кырсык учкучтун катачылыгынан улам орун алгандыгы билинген деп жазып чыкты. Тагыраагы, экипаж аэропорттун приборлоруна ашыкча ишеним артып алып, диспетчерлердин Казакстандын Алматы шаарындагы же Ысык-Көл облусунда жайгашкан Тамчыдагы аэропортко конуу сунушун четке каккан деп жазат орусиялык портал. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги тастыктаган жок. Ошондой эле кечээ кырсыкка кабылган учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн эмес, жүк калтыруу максатында конмок болгон деген маалымат да бүгүн башка өңүттө берилүүдө. “MyCargo” авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Хамза Тыглай кулап түшкөн жүк ташуучу учакта Кыргыз мамлекетине жеткирүү үчүн салынган жүк болбогонун, учак Бишкекке күйүүчү майды толуктоо жана экипажды алмаштыруу үчүн токтогонун айтты. Эске сала кетсек, “MyCargo” авиакомпаниясы – бул кырсыкка кабылган учактын ээси жана “ACT Airlines” компаниясынын жаңы аталышы.
Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин жана Кыргыз өкмөтүнүн иликтөөсү аяктаганча кырсыктын келип чыгуу себептерине байланыштуу түркүн маалыматтар чыгарын күтүүгө болот. Ал маалыматтар кырсыктан улам кайтыш болгондорго, жаракат алгандарга, үй-жайсыз калып зыян тарткандарга компенсация төлөбөй кутулуу максатында улам бурмалана бериши мүмкүн. Буга чейинки 2008-жылы катталган Бишкек-Тегеран каттамындагы учактын кыйроосунан жапа чеккендерге авиакомпания тарабынан эң аз компенсация, тагыраагы, ар бир набыт болгон адамга 20 миң доллар сунуш кылынган. Ал эми соттук отурум кырсыкка эки учкучту күнөөлүү деп табуу менен аяктап, аларды 5 жылга эркинен ажыраткан. Андыктан учурда кырсыктын айынан жакынын жоготкондорго, ден соолугунан ажырагандарга, үй-жайы, короо-сарайы жер менен жексен болгондорго материалдык, моралдык жардам берүү менен катар жогорку деңгээлдеги юридикалык көмөк көрсөтүү маанилүү болуп турат. Анткени бардык айыпты каза тапкан учкучтарга шылтап коюу ыктымалдыгын да жокко чыгарууга болбойт...