ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: 93 жыл мурун Советтер Союзунун негиздөөчүсү, көрүнүктүү саясий ишмер Владимир Ильич Ленин каза болгон

Мындан 93 жыл мурун, 1924-жылы 21-январда Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) көз жумган. Ал 1870-жылы 22-апрелде Симбирскиде туулган.
1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Георгий Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. 1903-жылы Большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп Орус падышачылыгын тактан кулатып, бийликке келет.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, Коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССРди түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган.
21-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан