Оштогу Кытай өкүлчүлүгүнүн имаратына бөтөлкө ыргыткан жаран кармалды

Оштогу Кытай өкүлчүлүгүнүн имаратына бөтөлкө ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылы 6-июлдан 7-июлга караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар бош бөтөлкөнү Кытай өкүлчүлүгүнүн имараты жакка ыргытып, из жашырып кетишкен. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү мындай кадамга барган адамды таап берүү өтүнүчү менен арыз жазган. Алар жарандар тарабынан мындай кадамдын болгонуна тынчсызданып жатышкандыгын билдиришкен.

Жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында бул бейбаштыкка шектүү адам аныкталып, 19-январда кармалган. Ал Ош шаарынын тургуну, мурда уурулук менен соттолгон 1987-жылы туулган Г.Р. болуп чыкты. Өз кѳрсѳтмѳсүндѳ ал жерде Кытай өкүлчүлүгү бар экенин билбегендигин, түнү досу экөө арак ичишип, бөтөлкөсүн жол боюна таштагысы келбей, темир тосмодон ашырып ыргытып жибергенин билдирген. Ошондой эле Кытай өкүлчүлүгүнө, мамлекетине эч кандай жек көрүү сезимдери жок экенин айткан. Учурда анын бул аракети боюнча кошумча иликтѳѳ иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
mairam90
2017-01-21 18:15:31
1 Кыргыз жигити кыргызстандагы 1 кытайдын имаратына ботолко ыргытыптыр.Ал эми
Миңден ашык кытай кыргызстанда туруп кыргызстанга канча мусор ыргытты.Эмнеге аларга унчукбайт.
+23
Patriotkgz93
2017-01-21 20:09:44
mairam90, туура айттыңыз Кыргыздардын кызын зордоп өлтүргөнүн өлтүрүп жүрөт
+9
kaidasyn
2017-01-21 18:34:19
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат болуптур да бул жагы.
+12
bond02
2017-01-21 18:43:23
Эми ал жигитти Кытайга экстрадициялап жибербегиле укук коргоочулар.
+6
Nazaralikarakulja
2017-01-21 22:55:37
Ушу кантип болсун Кытайлар Кыргызстан да ХХХ
0
admin_portal
2017-01-23 14:04:57
Nazaralikarakulja, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Оозеки эскертүү!
0
Cesar
2017-01-22 04:02:56
ХХХ кылыптыр.
-4
admin_portal
2017-01-23 14:05:21
Cesar, этика нормаларын сактаңыз!
0
ariet.kaary90
2017-01-22 13:33:58
Ээ кыргызым биз уже ашып барса 30 жылдан кийин кыргыз мамилекет деген атыбыз очот кыргыз провинциясы болобуз эмнге деген суроо баарыбызда пайда болот туурабы? АША карыз акчанын эн коп кытайдан алган биз эртен толой албасак кытайлар доонар болгула толой албасанар дейт. Андан дагы коркунучтуурагы азыр биздин кыздарга уйлонуп кыргыз паспортун алып жаткандар канча охооо айта берсен коп, эртен жээндерибиз кууп чыкпаса болгону озубузду.
0
aizirek...
2017-01-22 14:35:04
Эми тиги жигитти 3&4 жылга камап коюшсун
+1
KUMKA
2017-01-23 12:39:05
Бул жигит мойнуна алып койчу деген сураныч деген отунучун четке кага албаган окшойт.Жети тундо ыргыткан адамды кайдан тапмак элек, биз айткандай кылып мойнуа алып кой бизди кыйнабай деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан