Аксы районунда "Йакын инкар" тобунун 10 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-январь күнү аталган райондун Кызыл-Туу айылында муфтияттын атайын уруксаты жок даават кылып жүрүшкөн 10 адам кармалган. Алардын баары Нарын облусунун тургундары болушкан. Ошондой эле "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Аларга диний жөрөлгөлөрдү уюштуруу жана өткөрүүдө эрежелерди бузгандыгы үчүн административдик айып салынып, коё берилген. Эрежеге ылайык, дааватка чыга турган адам алгач өзү жашаган аймактагы казыяттан уруксат алып, белгиленген жерге келген соң жергиликтүү милицияга жана имамдарга кабарлашы зарыл.
“Йакын инкар” - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ага өлкөдө эч кандай тыюу салынган эмес.