Италиянын түндүк-чыгышындагы автокырсыктан 16 окуучу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык 21-январга караган түнү Верона шаарына жакын жерде болгон. Анда Франциядан Венгрияга бара жаткан автобус жол жээгиндеги зым карагайды сүзүп, күйүп кеткен. Ошол учурда автобустун ичинде 14 жаштан 18 жашка чейинки мектеп окуучулары болушкан. Кырсыктын кесепетинен 39 окуучу жабыркап, 16 окуучу каза тапкан. Алар кышкы эс алуудан кайтып, үйлөрүнө бара жатышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.