21-январдан 22-январга караган түнү Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүнөн көпүрөгө асынган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Эртең менен милиция кызматкерлери асынган адамды көпүрөнүн алдынан чечип алышты. Азыркы убакта каза болгон жарандын өздүгүн жана киши колдуу болгонун же болбогонун тактоо иштери жүрүүдө.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, каза болгон адам 45-50 жаш куракта.