Кадамжай районунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө эртең менен саат 07:40 чамасында болгон. Анын күчү Кароол айылында 4,5 балл, Тамаша айылында 3 балл, Майдан айылында 4 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.