ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районундагы Кара-Кужур суусу турак үйлөргө коркунуч жаратууда

Кочкор районундагы Кара-Кужур суусу турак үйлөргө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Кечээ, 22-январь күнү саат 18:00 чамасында Кара-Кужур суусу чоң келип, Сары-Булак айылындагы турак үйлөргө коркунуч жаратты. Ошондой эле чоң келген суу бир көпүрөнү алып кетти. Мындан улам суунун аркы жагындагы 10 турак үйгө каттам токтогон. Жергиликтүү тургундар суунун чоң келүүсүн муз тоңуп, кийин ал жарылып кетсе керек деп болжолдоп жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан