Авиакырсыктан жабыркап, Кочкор районунда дарыланып жаткан 2 өспүрүм Бишкектеги балдар ооруканасына которулду

Авиакырсыктан жаракат алган балдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.

"Авиакырсыктан жабыркаган балдардын абалы канааттандырарлык. Буга чейин кырсыктан жабыркаган 8 баланы дарылап жатканбыз. Ошол эле окуядан улам жабыркаган эки баланы Кочкор районундагы ооруканадан биздин ооруканага алып келишти. Учурда 10 баланы карап жатабыз. Балдарды дагы 10 күнгө чейин карап, дарылап, абалы турукташкандан кийин үйлөрүнө чыгарабыз", - деп билдирди Өмүрбеков.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун ооруканасынан алынып келинген 2 баланын баш мээси чайкалган. Борбор калаадагы балдар ооруканасында дарыланып жаткан балдардын улуусу 17 жашта, кичүүсү 2 жашта.

Эске салсак, буга чейин аталган бейтапкананын башкы дарыгери ар бир балага өз алдынча көңүл бурулуп, дарылоо жүргүзүлүп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан