23-январга караган түнү саат 00:10до Москва районунун Петровка айылындагы №8-абактын ичине белгисиз адамдар буюмдарды ыргытууга аракет кылышкан. Мындай маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аларды байкаган күзөтчү асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, артынан кууп жетпей калган. Алар из жашырууга жетишкен. Бул окуядан кийин абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар текшерилип, шектүү эч нерсе табылган эмес. Азыркы учурда кандай буюмдарды ыргытууга аракет кылганы белгисиз. Бул боюнча маалыматтар УКМК жана ИИМге берилди.