SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.
Сурамжылоонун 9-январдан 23-январга чейинки айлампасында алдынкы бештикте өзгөрүү болуп, порталдын колдонуучуларынын добушу менен алдыда келе жаткан Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Чубак Жалилов, Өмүрбек Текебаевдин катарына өлкө башчысынын ишенимдүү кадры катары таанылып калган Сапар Исаков кошулду. Буларга удаа мурунку өкмөт башчы, президенттик жарышка чыгарын билдирген Темир Сариев келе жатат. Бул эки жума аралыгында Ахматбек Келдибековду колдоочулар азайып, Камчыбек Ташиевге ишеним көрсөткөндөр бир аз өстү. Президенттик командадан талапкер катары чыгуусу мүмкүн делген учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду колдоочулар 1 пайызга жетпеди.