Ошто милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакованын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Азырынча соттук кароо качан башталары белгисиз. Жайнакованын аты-жөнү паспортто Алтынай Нематтила кызы экени белгилүү болду.
Эгерде кылмыш иши коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин так аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми Ош шаардык соту 14-январда аны үй камагына чыгарган.