27-28-апрель күндөрү өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3 жана Нарын облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. Бишкек шаарында 2 жана Ош шаарында 1 унаа жол кырсыгына кабылып, ичинен өрт чыккан. Айдоочулар ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга жеткирилген.