Лондондо 3 кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-январь күнү саат 20:00дө үйдүн биринчи кабатында жарылуу болуп, өрт чыккан. Окуя болгон жерге 60 куткаруучу тартылган. Каза болгондор жок, ал эми жабыркагандардын саны 5тен ашты.
Азыркы учурда жарылуунун себеби белгисиз. Ошондой эле жабыркагандардын абалы тууралуу дагы айтыла элек.