Өткөн суткада өлкө боюнча 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү Кум айылында турак үйдөн өрт чыгып, бөлмөсү, үй мүлкү, турак жай ээлерине тиешелүү документтер толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу себеп болгон. Тилсиз жоодон күйүк алып, жабыркагандар жок.