Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 28-апрель күнү саат 20:10до жол кырсыгы болуп, 3 адам жабыркады. Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 281-чакырымында болуп, анда Мерседес Бенц жеңил унаасы менен Мазда унаасы кагылышкан. Анын кесепетинен Мазда унаасындагы жүргүнчүлөр жабыркап, "Тез жардам" кызматы аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуядан айдоочу Ж.О., жүргүнчүлөр А.Т. жана Ж.А. аттуу адамдар жабыркады.