Дональд Трамптын президенттикке киришүүсү менен доллардын кымбаттаары күтүлүүдө

Дональд Трамптын АКШнын президенти кызматына киришүүсү менен доллардын кымбаттаары күтүлүүдө. Мындай божомолду "Reuters" жазып, каржы рыногунун жаңы доору башталганын жарыялады. Доллар алдыдагы айларда көтөрүлүшү мүмкүн. 1970-жылдан бери АКШнын президенттигине жаңы президент шайлангандан кийинки биринчи айда доллар орточо 2,2 пайызга өскөнү айтылат макалада.

Доллардын кымбатташы Кыргыз Республикасынын жарандарына таасирин тийгизет. Өлкөдө жаратылыш газы кымбаттайт. "Газпром" компаниясы доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу деп соңку айларда газдын баасын акырындан көтөрүүдө. Өлкөдө азык-түлүк кымбатташы күтүлөт. Керектүү товарлардын көбүн өлкө импорттойт. Кыргыз Республикасы айыл чарба азык-түлүктөрүнөн эт, сүт жана картошка менен гана өзүн өзү камсыздай алат. Калган товарларды сырттан алып кирүүгө муктаждык күч.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан