Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы жергиликтүү тургундар авиакеросинге ууланып калышканын айтышууда

Авиакырсык болгон Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы жергиликтүү тургундар төгүлгөн авиакеросинге ууланып жатышканын айтышууда. Кечээ, 23-январда Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасына 5 бала учактын күйүүчү майына ууланды делип ооруканага түшкөн. Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, өзүн жаман сезип ооруканага жаткандардын саны андан көп.

"Жүрөгүм, башым ооруп, кайра-кайра кусуп кыйналып жатам. 5 кызым күйүүчү майга ууланып ооруканага түштү. Тийиштүү кызматтар кырсык болгон жерди тазалап койсо жакшы болот эле. Биз мындан ары туулган күнүбүздү 16-январга которобуз. Анткени биздин үйдө авиакырсыктан кийин 7 жан аман калды. Нан жаап сатып тиричилик кылчумун. Тандыр турган сарайым да талкаланып калды", - дейт жергиликтүү тургун Ысак Анарбаев.

Дагы бир жергиликтүү турган азыктарга чейин керосиндин жыты сиңип, аларды колдонууга мүмкүн болбой калганын айтууда.

"Ундарга керосиндин жыты сиңип, нандарыбызды жегенге мүмкүн болбой жатат. Кийимдерибизге, денебизге чейин керосин сиңип калды", - дейт жергиликтүү тургун Анарбек Керимбеков.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери жергиликтүү тургундарга керосиндин зыяндуулугу жок экенин түшүндүрүү аракетин көрүшүүдө. Авиакырсык болгон айылда мобилдүү клиника иштеп жатат. Дарыгерлер 16-январдан бери жергиликтүү тургундарга алгачкы жардам көргөзүшүүдө.

Ууланды делген 9 бала Чүй олбустук жана Бишкек шаардык ооруканаларында дарыланып жатат.

"287 киши тейледик, алардын 78и 14 жашка чейинки балдар. Көпчүлүк кайрылгандар психологиялык жактан жабыркагандар. 1 адам колу сынып, 6 адам үшүп калып кайрылган. Таңкы саат 08:00дөн 17:00гө чейин иштеп жатабыз", - деп билдирди мобилдүү клиниканын координатору Букун Ырысалиева.

Авиакеросинге ууланды делген балдардын тизмеси:

1. Нуржамал Жумабай кызы, 1990-жылы туулган.
2. Айсулуу Жумабай кызы, 1998-жылы туулган.
3. Жаннат Шералы кызы, 2015-жылы туулган.
4. Мадина Ысак кызы, 2002-жылы туулган.
5. Адеми Жунусбекова, 2015-жылы туулган.
6. Илимбек Бактыбек уулу, 14 жашта.
7. Нурел Асанканов, 7 жашта.
8. Нурадил Асанканов, 4 жашта.
9. Айгерим Советбек кызы, 2001-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliko78
2017-01-24 12:54:26
Учурдан пайдаланып калалы дегендер да жок эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан