Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик чек арадагы абал тууралуу маалымат берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 24-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловду кабыл алды.

Президентке мамлекеттик чек арадагы кырдаал, чек ара аскерлеринин жоокердик даярдыгын күчөтүү, чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын абалы жөнүндө да пикир алышуу болгону айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта. Алмазбек Атамбаев чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара бөлүмдөрүнүн мамлекеттик чек аранын кол тийгистигин камсыздоо ишиндеги ыкчамдуулугун жогорулатуу зарылдыгын айтты.

Кошумчалай кетсек, 22-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында 1 турак үй жана 4 автоунаа зыянга учураган. Учурда жаңжалдын себептери иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан