Эреже бузган айдоочуну милиция кызматкерлери ок атуу менен токтотушту

27-апрелде Бишкектин Лев Толстой-Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери Ниссан унаасын токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу токтобой качып кеткен. Андан соң милиция өкүлдөрү аталган унаанын артынан кууп, жол белгилерине карабастан токтобой кете берген унаага акырында ок атууга туура келген. Алгач абага, андан соң унаанын дөңгөлөгүнө атышкан. Айдоочу буга да караган эмес, ылдамдыгын ан сайын күчөтүп, Д.Сяопин көчөсүнөн гана унаадагы жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон. Айдоочу ушинтип колго түшкөнүн Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Тергөө учурунда айдоочу Токтогул районунун 25 жаштагы Т.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал мас абалында болгон. Ленин РИИБинин кызматкерлери иштин чоо-жайын иликтөөдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aibek92
2013-04-29 12:08:23
мага деле ок атышып токтотушкан
0
nazira1989
2013-04-29 12:17:32
Ушундай учурда ГАИшниктер да этияттап атса окту,анткени бизде да мындай окуя болуп айдоочу,анын артында отурган адам жаракат алып ооруканада жатып чыгышты,багажга тийип ок андан ары отуп адамдарды жаралантып кеткен да.Машинанын мурунку ээси криминал чойросуно аралашкан адам экен,кийин айылдашыбыз алган эле,анан ушундай окуя болуп отурат да.
0
Aidai2010
2013-04-29 13:37:39
nazira1989, Жол эрежесин бузбай айданасанар эч ким ок атмай тургай, силерди тозбойт дагы. Озунордун куноонорду сезбей башкаларды куноолу коросунор.
0
nazira1989
2013-04-29 14:04:44
Aidai2010, Мен эч кимге куноо койгон жокмун,куноолуубу ооба,токтобосо атсын,камасын,бирок абайлап адам омуруно коркунуч келтирбей турган болсо дедим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан