Бүгүн, 24-январда Чүй облустук соту 2010-жылдагы Июнь окуясына жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө айыпталган Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан Базар-Коргон райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калды. Буга нааразы болгон айыпталуучу мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Ал эми анын коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова апелляциялык даттануу иретинде Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.
"2 жума кеңешип, бүгүн "чөнтөк сот" экенин көрсөттү. Кыргыз Республикасында эгемендүү сот жок. Бул нерсе аябай өкүнүчтүү. Биз кеңешип, тиешелүү жактарга кайрылабыз", - деди Исмаилова.