Учак кыйраган Курулуш башкармалыгынын дачаларынын эли кырсык болгондон бери 8 күн өтсө да, тазалоо иштери натыйжалуу жүрбөй жатканына нааразы. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы Жамбылбек Жумагулов аймакты тазалоо иштеринде учактын тетиктерин ташуу оор болуп жатканын айтат.
"Учурда учактын сынган тетиктерин ташып жатабыз. Алар катуу металлдан жасалган, мындан улам кесип алуу кыйынга турууда. Ошол эле учурда калдыктарды да алып чыгууну баштадык. Ал үчүн алгач кырсык болгон жерге чейин жол салууну көздөп жатабыз, анткени кар жаап, оор техникалар баткакка тыгылып калууда. Жакынкы аралыкта таштандыларды тазалоо жыйынтыкталат", - деп билдирди Жумагулов.
ӨКМнын Чүй облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, берилген 150 даана шифер бүгүн жабыркаган турак жайлардын ээлерине таратылат.