Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрындагы тасмалардын аталышы ката жазылган афишалар алмаштырылды. Бул тууралуу аталган кинотеатрдын маркетологу Максат Байышов SUPER.KG порталына билдирди.
"Афишалардагы каталарды басмакана моюнуна алды. Тасмалардын аталыштарын Мамлекеттик тил комиссиясы туура кылып которуп берген, ал эми басмакана ката басып чыгарган. Бүгүн афишалардагы катаны оңдоп, алмаштырып илдик", - деди ал.
Ошондой эле ката кетирген басмакана шаардын бардык кинотеатрларындагы афишаларды чыгарганы маалым болду.
"Типография шаар боюнча чыгарган афишалардын баарын оңдоп чыкмай болду", - деди Байышов.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-январда "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Манас" кинотеатрында илинип турган афишаларда эки тасманын аталышы туура эмес жазылганын WhatsApp аркылуу билдирген.