Токмокто мектеп окуучусун унаасы менен сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто окуучуну унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-январь күнү саат 14:20 чамасында Горький көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 2009-жылы туулган Х.М. аттуу окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабыркаган окуучу ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, 26 жаштагы М.А. аттуу айдоочу кармалды. Учурда унаа айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
farida.kg.1991
2017-01-24 18:05:53
көзүн менен көрбөгөндөн кийин ишениш кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан