Эдил Байсалов: "Президентти сындоодо мага эч ким жетпейт"

"Кыргыз жеринде социалдык түйүндөр кысымга алынууда" деп коркуп, элди да коркутуп ызы-чуу кылуунун кереги жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Бишкекте өткөн тегерек столдо оппозиция өкүлү Эдил Байсалов билдирди.

Байсалов азыркы учурда сөз эркиндиги жакшы эле экенин айтып: "Биз пост жазууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз зарыл", - деди. Иш-чарага катышкан экс-депутат Бегалы Наргозуев Байсаловго "Бир кезде президентти сындап, "мени өлтүрүүгө буйрук берилди" деп айтып чыктыңыз эле. Бул чын беле же жөн эле айтып койдуңуз беле?" деген суроо узатты эле, Байсалов "Бул таптакыр башка маселе. Ал эми президентти сындоо жагынан мага эч кимиңер жетпейсиңер" деп жооп кайтарды. Байсалов бүгүнкүдөй аракеттен жыйынтык чыкпайт деген пикирде.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн "Социалдык түйүндөргө басым: Кантип коргонуу керек?" деген темада тегерек стол өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ERCHOROEV
2017-01-24 16:13:40
Кыш иш жок байкуштар кыларга иш жок болсо уйдоо бала чаканы эркелетип бала чакан менен отур. Болбогон бир теманы ачып алып ар кимдин аркасын чыкулап сассытып эмне жыттап рахат алышабы билбейм. Дагы мактанганганычы. Э эдил ага ар кимди ар нерсе деп чукуп сасытып жыттап рахат ала бербен. Ар бир син пикир учун акыретте жооп беришти унутпан. Бироону сындаган ото чон куноо. Эгерде дадилсиз сындаган андан откон чоон куноо. Убактылуу жашоого алданбан баары бир барар жерибиз белгилуу. Унутпан сураныч.
-2
arzygulR
2017-01-24 16:55:41
Ээх биз жумуштан келип окуп оюбузду жазып коебуз андайларга катышууга убакыт деле жок уй жумуш жумуш уй деп журуп
+1
elchi84
2017-01-24 17:26:06
Кыларга иши доктор.
+2
kamchatka
2017-01-24 18:45:55
Эдик бир эл учун кызмат кылганын корбодум@
+5
Дарыгер
2017-01-24 22:37:44
Эдилдин Байсалов. Элге эч бир пайдасы тийбеген бир пенде да. Коп суйлбосон жакшы болот эле кыжырды келтирип. Ичин отуп туалеттен чыкпай отурсан ошол пайда болмок элге
+5
tyrgon
2017-01-25 00:32:45
бир эжеге биро телефон чалып сиз телевизор уттунуз 1% толойсуз утуштун баасынан деп единица салдырып алат тиги эжем телевизорду кутуп отура берип кайра чалат чалса " В этом мире нельзя жить без дураков " дептир))) анс карындай )))) аларсыз нельзя жит да)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан