Социалдык түйүндөгү пикири үчүн кысымга алынгандарга тилектештикти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу 24-январда Бишкекте өткөн тегерек столдо активист Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, социалдык түйүндүн колдонуучулары кысымга кабылгандардын соттук отурумдарына активдүү катышуусу керек. "Кысымга кабылгандарды таанысак да, тааныбасак да сотуна барышыбыз керек. Мен мурда өзүм тааныбагандардын сотуна барчу эмесмин. Көрсө, туура эмес болуптур", - дейт активист.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн "Социалдык түйүндөргө басым: Кантип коргонуу керек?" деген темада тегерек стол өтүүдө.