16-январдагы Боинг кырсыгынан жабыркап ооруканада жана мейманканада жаткандардын ал-абалын сурап келгендерди азайтуу керек. Дарыгерлер аларды көргөнү келгендердин көптүгү жабырлануучулардын тынчын алып, аларда коркунуч жаратып жатканын айтышууда. Бул тууралуу 24-январда өкмөттөн билдиришти.
Стресс абалында тургандарга жетиштүү түрдө тынчтык керек экени айтылат. Мындан тышкары ооруканада жаткандар, айрыкча балдардын иммунитети алсызданып тургандыктан, аларда оору жугузуп алуу коркунучу да жогору экени маалымдалып, адистер жарандардан ооруканадагы тийиштүү талаптарды так сактоону өтүнүшүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24-январга карата ооруканада 24 адам дарыланып жатат. Ал эми мейманканада 42 жаран баш калкалоодо. Мунун 27си улуулар, 15и балдар.