Кара-Көл шаарында калың кардан үйлөрдүн чатыры урады

Бүгүн, 24-январда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында кардын көп жааганынан турак үйлөрдүн чатыры урады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Акынай атындагы көчөдө 1 турак жайдын 120 чарчы метр чатыры жана Маматов көчөсүндө 1 турак жайдын 40 чарчы метр чатыры карды көтөрө албай сынып, устундары урап, жараксыз абалга келген. Үйдүн чатырынын урашынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес", - деп билдирди министрлик.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dasta
2017-01-24 19:41:17
Бул да болсо алланын буйругу
-1
DNurgiza
2017-01-24 21:27:46
жаман болуптур да.....
Адам жабыркабаганы жакшы экен. чатырды оңдоп койсо болот.....
+2
baltabai
2017-01-24 22:05:29
Кудай сактасын
Эх
0
K.peri96
2017-01-25 03:13:50
Kar kop jaaganby
-1
kalima88
2017-01-25 04:27:43
Акынай мурунку Школьная кочосу эмеспи?
-1
korea
2017-01-25 07:13:30
Акынай мурунку подгорная...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан