Кытайда пиротехника сатылган дүкөндөн өрт чыгып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 24-январда кечинде Юэян шаарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан. Дүкөн 4 кабаттуу имаратта жайгашкан.
Сатып алуучу петарда алып, дүкөндүн жанына аттырып жиберип, өрт чыккан. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен бир нече автоунаалар күйүп кеткени кабарланат.