Чүй облусунда 30-апрелден 10-майга чейин альпинизм боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, катышуучулар Ала-Арча капчыгайына чогулушуп, Комсомолец чокусуна, Ала-Куш аскасына чыгуу боюнча жарышат. Мындан сырткары аталган федерациянын спортчулары, спорттук клубдардын жана ӨКМнын кызматкерлери командага бөлүнүшүп, аскадан же капчыгайдан жабыркаган адамдарды куткаруу иштери боюнча машыгууларды өткөрүшмөкчү.