"Албек Ибраимов - Бишкектин мыйзамсыз мэри", - деген пикирин бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.
"Мэрди шайлоо күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров "шаардык кеңештин сессиясында мэрди шайлоо болбош керек" деп айткан. Ал эми башка мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо сессияда болуш керек деген пикирде. Суроо: Албек Ибраимов мыйзамдуу мэрби же мыйзамсызбы? Ал мыйзамсыз мэр. Мыйзамга ылайык, шайлоо сессияда болуш керек. Талапкерлер тургундарга шаарды өнүктүрүү программаларын тааныштырышы зарыл. Ибраимов дебатка келген жок, депутаттардын суроолоруна жооп берген жок", - деди Төрөбаев.
Мындан тышкары фракция лидери шайлоо күнү мэриянын алдында орун алган митинг тууралуу пикирин айтты. "Депутаттарга кысым жасалды. Эркин добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок", - деди Төрөбаев.
Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген. 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин шайлоонун протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча арызын карап, четке каккан. Буга байланыштуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген. 23-январда Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын четке каккан.