Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышар-катышпасын 10-февралда айтат

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин президенттик шайлоого катышар-катышпасы 10-февралда белгилүү болот. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында билдирди.

"Президент болуу - бул чоң жоопкерчилик. 1991-жылдан бери ар бир шайланган президент өзүнүн миссиясын аткарды", - деп баштады Төрөбаев.

"Биз кайсы саясий күчтөр менен, кайсы программа менен, кимдин талапкерлигин сунуштап, президенттик шайлоого катышар-катышпасыбызды 10-февралда маалымат жыйынында жарыялайбыз. Учурда чоң сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдашууларыбызга ылайык, мен кайсы саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айта албайм", - деди "Өнүгүү-Прогресстин" лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан