Авиакырсык болгон Курулуш башкармалыгынын дачаларынан 23-январда 5 бала авиакеросинге ууланды делип Бишкектеги Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылышкан. Ал эми кечээ жергиликтүү тургундар уулангандардын саны көп экенин SUPER.KG порталына билдиришкен.
Ысык-Ата районунун Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан лабораториялык жабдуулар менен санитардык-гигиеналык иликтөөлөр жүргүзүлгөнүн бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
"Авиакырсык болгондо керосиндин төгүлгөн аймагы аныкталды. Керосин 25 үй жайгашкан Линейная көчөсүнө төгүлгөн. Жер кыртышын анализге берүү үчүн 6 жерден үлгү алынган. Алар Оорулардын алдын алуу департаментине жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө лабораториялык изилдөө үчүн жиберилди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары абадагы метан, көмүртек кычкылы, күкүрт водородунун пайыздык катышын аныктоо максатында атайын адис чакыртылган. Газды анализдөөчү "драйгер" аспабы 7 жерде колдонулуп, жогоруда жазылган заттар жок экени аныкталганын маалымдайт министрлик.